Метка: video
-
Зарлык Камбаралиев x Айганыш Абдиева — Жаным деймин (Official Music Video)
Зарлык Камбаралиев & Айганыш Абдиева — "Жаным деймин"
сөзү : Солто Кубанычбек уулу
обону : Зарлык КамбаралиевМен сени күнүм дебейм
Кеч кирсе батып кетет
Мен сени айым дебейм
Таң атса качып кететЖылдыз деп санабаймын
Жымыңдайт алыс жакта
Булбулум дей албаймын
Үн салат түркүн бактаКушум деп көкөлөтпөйм
Баары бир жерге конот
Сезимге салыштырбайм
Бир жылып,бирде тоңот
Мен сени «ЖАНЫМ» деймин
Түбөлүк бирге болотГүлүм деп эркелетпейм
Күз келсе соолуп калат
Жүрөгүм дей албаймын
Бир сөздөн ооруп калатМен сени жазым дебейм
Жай келсе өңү кетет
Деңизим дей албаймын
Анткени көбү кечет