Метка: Ыйладым

  • Бекзат Бакытбеков — Ыйладым / ЖАНЫ 2025

    Бекзат Бакытбеков - Ыйладым / ЖАНЫ 2025

    Бекзат Бакытбеков — “Ыйладым”

    сөзү/обону: Зарлык Камбаралиев.
    аранжировка/мастеринг: Марат Нарматов.
    Сценарий/режиссер: Элзар Тиленбаев.
    клипмейкер: Айберген Чынгызов.

    Өкүнүчтөн жүрөгүм,
    Эзилгенде ыйладым.
    Жүрөгүн оорутканым,
    Сезилгенде ыйладым.
    Жолубуз бөлөк болуп,
    Чечилгенде ыйладым.

    Мен бербеген бакытты,
    Сезсе экен деп ыйладым.
    Сыйлап алчуу бир адам,
    Келсе экен деп ыйладым.

    Мен эмнеге көнүлүн,
    Ооруттум деп ыйладым.
    Баркын билген бир жанга,
    Жоолуксун деп ыйладым.

    Кадырынды эмнеге,
    Билбедим деп ыйладым.
    Кагып-силкип эмнеге,
    Тилдедим деп ыйладым.
    Өзүмдү-өзүм мен бүгүн,
    Жек көрүүдөн ыйладым.

    Жүрөгүмө сен жетпей,
    Жалгызсырап ыйладым.
    Бактылуу болсо экен деп,
    Бакыт сурап ыйладым.

    Мен эмнеге көнүлүн,
    Ооруттум деп ыйладым.
    Баркын билген бир жанга,
    Жоолуксун деп ыйладым.

    Сүйүүңдү жерге жанчып,
    Койгонума ыйладым.
    Өзүмчүл кур намысчыл,
    Болгонума ыйладым.
    Баардыгын кеч түшүнүп,
    Калганыма ыйладым.

    Все права защищены.
    Copyright / Bekzat Bakytbekov